Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Бишкектин Киев көчөсүн жөө адамдар аймагына айландыруу боюнча коомдук талкуу өтөт
03.06.2026 | 15:04

Бишкек шаарынын мэриясы борбордук көчөлөрдүн болгон Киев көчөсүн жөө адамдар аймагына айландыруу долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрөт. Муниципалитеттин маалыматында, талкууга шаар тургундары, эксперттер жана коомчулук өкүлдөрү чакырылат.
Талкуу 2026-жылдын 5-июнунда саат 17:00дө Чүй проспектиси, 168а дарегиндеги «Тунгуч» театрында өтөт. Презентациядан кийин катышуучулар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин жана суроолорун билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планында Киев көчөсүн Бейшеналиева көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин бир гана жөө жүргүнчүлөр жана коомдук транспорт жүрө турган жолго айландыруу каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек