УКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан» багыты боюнча «Афган чарсы» баңги затын ташуучу трансулуттук каналдын ишине бөгөт коюлганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, аталган мыйзамсыз ишмердүүлүккө шектелип 44 жаштагы М.Д.Н. жана 55 жаштагы Н.А.К. аттуу кыргызстандык жарандар кармалды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо жана ташуу) менен кылмыш иши козголгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жаран Н.А.К. тарабынан үй-бүлө мүчөлөрүнө карата зомбулук көрсөтүү фактылары аныкталган. Бул факты боюнча материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, кылмыш иши ачылган.
Учурда козголгон кылмыш иштеринин алкагында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.