Кыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалды

26.10.2026 | 15:08
Кыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандагы үч медициналык мекемеде бөйрөк алмаштыруу боюнча 116, ал эми боорду трансплантациялоо боюнча 11 операция жасалган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдардын иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев билдирди.

Анын айтымында, бөйрөк алмаштыруу боюнча эң көп операция Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалган. Бул мекемеде 89 бейтапка бөйрөк трансплантацияланган. Дагы 19 операция Кыргыз-түрк достук ооруканасында, сегиз операция Ош мамлекеттик университетинин клиникасында жүргүзүлгөн.

Ал эми боорду трансплантациялоо боюнча ОшМУнун клиникасында жети, Кыргыз-түрк достук ооруканасында жана Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда экиден операция жасалган.

Министрдин орун басары трансплантология тармагын каржылоо жана зарыл болгон медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча да маалымат берди.

2024-жылы президенттин чечими менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн 20 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми 2025-жылы бөйрөк трансплантациялоо системасын жакшыртуу максатында аталган мекемеге дагы 26 миллион сом берилген.

Мындан тышкары, 2025-жылы Жогорку технологиялуу медициналык жардам фонду аркылуу Кыргыз-түрк достук ооруканасында алты бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясын жасоо үчүн 3 миллион 960 миң сом багытталган.

2026-жылы ушул эле фонд аркылуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк трансплантациялоо боюнча 20 операциянын акысын төлөөгө 12 миллион 200 миң сом каралган.

Боорду трансплантациялоо тармагын өнүктүрүүгө да өзүнчө каражат бөлүнүүдө.

Букуевдин айтымында, 2024-жылы Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна Саламаттык сактоону өнүктүрүү фондунан 100 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка боорду трансплантациялоого зарыл болгон атайын медициналык жабдуулар сатылып алынган.

2025-жылы аталган борбордо органдарды трансплантациялоо операцияларына даярдык көрүү үчүн дагы 33 миллион сом каралган.

Ал эми 2026-жылы бул максатка 64 миллион сом бөлүнүп, анын 21 миллион 622 миң сому бүгүнкү күнгө чейин кошумча медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалган.

Министрдин орун басары органдарды трансплантациялоодон кийин каттоодо турган бейтаптар тууралуу да маалымат берди.

Анын айтымында, Кыргызстанда мындай 1 528 бейтап катталган. Алардын 880и бөйрөк, 648и боор алмаштыруу операциясынан өткөн.

Букуев медициналык адистерди даярдоо боюнча да иштер жүрүп жатканын белгиледи. Акыркы эки жылдын ичинде Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун 23 кызматкери чет өлкөлөрдө квалификациясын жогорулатып келген.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 14-апрелинде аталган борбордо Россиянын Шумаков атындагы Трансплантология жана жасалма органдар улуттук медициналык изилдөө борборунун адистеринин катышуусунда мастер-класстар өткөрүлгөн.

Министрдин орун басарынын айтымында, мындай иш-чаралар кыргызстандык дарыгерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана өлкөдө органдарды трансплантациялоо тармагын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Scroll to Top