Депутат: Мен дагы «Салык чек» лотереясына катышып жатам

Депутат: Мен дагы «Салык чек» лотереясына катышып жатам

“Салык чек” лотереясы боюнча канча арыз даттануулар түштү?, деп сурады бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясаты комитетинин жыйынында депутат Надира Нарматова.

Депутаттын айтымында, ал оюнга кызыгып, текшерүү максатында ал “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясына катышып келет.

“Эмне менен бүтөт экен деп мен дагы кызыгып жүрөм.  Көптөгөн чектер туура эмес болгондуктан кабыл алынбай калат. Демек, кассалык машиналар  иштебейт. Ушул маселе боюнча арыз даттануулар түшүп жатабы?”, деп сурады депутат.

Салык кызматынын өкүлү бул маселе боюнча 13327 арыз түшкөнүн айтты.

““Салык чек” лотереясы боюнча айта турсак, 161 миң жаран катталды. 16 млн 930 миң лоторея ойнотулду”, — деди Салык кызматынын өкүлү.

Надира Нарматова өз кезегинде чек кабыл алынбаган жерлерде кассалык машиналарды текшерүү керек экенин жана көптөгөн жерлерди ККМ иштебей турганын белгиледи.

Эске салсак, лотереянын үчүнчү – акыркы утушу 30-декабрда өтөт, анда Бишкектен батир, автоунаа жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоо жол-жобосунан өтүп, товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектердеги QR коддорун сканерлөө зарыл.

Салык кызматы жарандарга товарларды же кызматтарды сатып алууда кассалык чекти талап кылууну сунуштайт, анткени алардын ар бири катышуучунун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат!

Лотереянын экинчи утушунун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>