Токмокто карыянын 120 миң сомун уурдаган адамдын иши сотко өттү

Токмокто карыянын 120 миң сомун уурдаган адамдын иши сотко өттү

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдоого шектелип кармалган жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш сотко шектүү кармалгандан кийин бир жумадан соң өткөрүлгөн (ноярбрь айынын башында — ред.). Ишти Токмок шаардык соту карайт.

«Шектүү кармалып, акчаны кайтарып бергенден кийин иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн», — деп билдиришти милициядан.

Чүй облустук сотунун маалыматы боюнча, иш соттун кароосуна жакында келип түшкөн (каттоодон өткөрүү иштеринен кийин соттун кароосуна келген).

«Иш соттун кароосуна жаңы келди. Соттук отурум өтө турган күн жакынкы күндөрү белгилүү болот», — деп билдиришти соттон.

Өздүк маалыматтар боюнча, жабырлануучу тарап бул иш боюнча тосмо арыз жазууну пландап жаткан. Алар сотто тосмо арыз жазып бериши мүмкүн.

Эскерте кетсек, быйыл 16-октябрда Токмоктогу мал базарда карыя 120 миң сомун уурдатып, ага кайдыгер эмес жарандар акча чогултуп берген. Кийинчерээк милиция карыянын акчасын уурдоого шектеп 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү карыянын 120 миң сомун кайтарып берген. Карыя кайтарылган акчаны кайрымдуулук ишине жумшай турганы кабарланган.

Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган адам акчаны кайтарды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>