Россияда 7 жашар баласын сатууга аракеттенген кыргыз келин соттолду

Россияда 7 жашар баласын сатууга аракеттенген кыргыз келин соттолду

Былтыр Россиянын Екатеринбург шаарында 7 жашар уулун 300 миң рублга сатууга аракет кылган кыргызстандык 37 жаштагы келинге сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазды.

Жакында эле Екатеринбургда 37 жаштагы келиндин иши каралып, сот аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан

Эскерте кетсек, окуя былтыр жай айында болгон. Наргиза аттуу келин 7 жашар баласын сатуу үчүн социалдык тармактарга жарыя чыгарган. Аны «Альтернатива» кыймылынын өкүлдөрү көрүп калып, алардын ыктыярчылары Наргиза менен социалдык тармак аркылуу кат алыша баштаган.

Андан кийин алар баласын сатууга аракет кылган келин тууралуу полицияга кабар берип, Наргиза 9-августта кармалып, камакка алынган.

7 жаштагы бала Наргизанын биринчи никесинен болгон.

Окуядан кийин 7 жашар бала балдар үйүнө жайгаштырылганы кабарланган. Кийинчерээк ал Кыргызстанга чоң энесине жөнөтүлүшү мүмкүн экекин өгөй атасы билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: өкүм сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>