Депутат Токторбаев: Жерүй белекке берилди, муну келечек муун кечирбейт

Депутат Токторбаев: Жерүй белекке берилди, муну келечек муун кечирбейт

Депутат Жеңишбек Токторбаев алтын казган компаниялардын лицензиясын кайра карап чыгууну сунуштап жатат. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бардык кендерди иштетүүдө мамлекеттин үлүшү болушу керек.

«Жерүй кени белекке берилди. Маалым болгондой, ал 100 миллион долларга сатылып, ал жерде 105 тонна алтындын кору бар. Лондон биржасында алтындын бир унциясы 2000 долларга барабар. Бул кен 6,5 миллиард доллардан кем эмес деп бааланууда. Муну келечек муун кечирбейт», — деди Жеңишбек Токторбаев.

Ал ошондой эле башка алтын кендери шектүү иштерди жасап, салыкты аз төлөп жатканын мисалга келтирди.

«Бардык алтын кендери мамлекеттин үлүшүнө ээ болушу керек, мисалы Бозумчак, Иштамберди, Терексай, Экибакыр жана башкалар. Ошондо мамлекеттик бюджетке киреше көбөйөт. Мамлекеттин үлүшү жок ишканалардын лицензиясын карап чыгуу керек. Министрлер кабинетине бир ай убакыт берели, алар албаса, анда депутаттык комиссия түзүп, иштейбиз», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Жыйында “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>