Депутат вебкам-студия иштеткендерди жазалоонун жолун сунуштады   

Депутат вебкам-студия иштеткендерди жазалоонун жолун сунуштады   

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Кодекске киргизилген өзгөртүүлөр интернет-тармактар, атап айтканда, вебкам-студиялары аркылуу сойкулукту уюштурууга жана аны пропагандалоого каршы күрөшүүгө багытталган.  Депутаттын сунушуна ылайык, бул жосундар үчүн 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат же үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ошол эле жосундар адамдардын тобу тарабынан жасалса, мүлкүн конфискациялоо менен 200 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып салуу же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.

Уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу жамааттын курамында жасалган жосундар үчүн мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Бул жосундарда балдарды жана жашы жетпегендерди пайдаланган учурда мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.

Акчалай пайда же башка материалдык компенсация алууга багытталган адамдын сексуалдык каалоосун же фантазиясын канааттандыруу максатында вебкам-студиялары аркылуу түз эфирге (онлайн) катышуусу үчүн жеке жактарга 100 миң сом айып салуу сунушталууда.

Буга чейин Ички иштер министрлиги борбордо жалпысынан элүүгө жакын вебкам-студиясы иштеп жатканын билдирген. Вебкам-студиясын уюштуруу боюнча чуулгандуу кылмыш иштеринин бири Даниел Ажиевге тиешелүү.

Даниэл Ажиев мамлекетке 44 млн сом демөөрчүлүк кылдыбы? УКМКнын жообу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>