УКМК Даниэль Ажиевди кармады (видео)

УКМК Даниэль Ажиевди кармады (видео)

Көп сандагы «вебкам» студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКга Э.А. аттуу жаран акча талап кылуу фактысы боюнча кайрылган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Д.А. (Даниэль Ажиев) жетектеген «вебкам» деп аталган студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

«Э.А. аттуу жаран аталган «вебкам» студияларынын оператору болуп туруп, эмгек тартибин бузгандыгы үчүн администратор Н.Ш. тарабынан психологиялык басымга кабылып, ал тарабынан физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен арыздануучудан 2 миң доллар  акча талап кылганы аныкталган.

Бул маалыматтар Д.А.га таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, белгиленген топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагынан бул жаатта иштөө үчүн Д.А. тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган «моделдер» делген кыздарды тартууну уюштурушкан. Операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт.

«Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Д.А. өзү Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткан жеринен Өзбекстандын аймагынан кармалды», — деп билдирет УКМК.

УКМК менен Өзбекстандын компетенттүү органдарынын координацияланган иштеринин натыйжасында 4-июнда Даниэль Ажиев кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>