Видео: Тыныбекова чейрек финалда реванш алды. Эми жарым финалда башкы атаандашы менен күрөшөт

Видео: Тыныбекова чейрек финалда реванш алды. Эми жарым финалда башкы атаандашы менен күрөшөт

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Хорватияда өтүп Zagreb Open рейтингдик мелдешинин жарым финалына чыкты.

Тыныбекова таймашты квалификациялык баскычтан баштаган. Ал алкачкы эки беттешинде америкалык жана кытайлык балбан кыздарды жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда Тыныбекова бейтарап туунун алдында чыккан Алина Касабиева менен кез келди. Бул кармашта ал атаандашын 7:3 эсебинде жеңип, былтыркы жеңилүүсү үчүн реванш алды. Былтыр Poddubny Wrestling League-5 мелдешинде Тыныбекова Касабиевадан жеңилүү ызасын тарткан.

Эми жарым финалда Тыныбекова япониялык Сакура Мотоки менен күрөшөт. Сакура Мотокини Тыныбекованын бул мелдештеги башкы атаандашы десе болот. Былтыр дүйнө биринчилигинде эки балбан финалда беттешип, Тыныбекова жеңүүчү болуп чыккан. Аны менен бирге үчүнчү ирет дүйнө чемпиону атанган.

Видео: Тыныбекова 0:5 эсебинде утулуп жатып, атаандашынан жеңишти сууруп алды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>