Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Депутат Жамалдинов: Мигранттардын укугу жакшы корголбой жатат
18.12.2019 | 10:27
Миграттарга жеңилдик болсун деген таризде ЕАЭБге кошулганбыз. Биздин чет жакта иштеп жүргөн мекендештерибиз көп кордуктарды көрүшүүдө. Мындай пикирин бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.
Ал Жогорку Кеңештин жыйынына Тышкы иштер министрлиги менен Миграция кызматын чакырып, тапшырмаларды берүү керектигин айтты.
«Хабаровск шаарында эмгектенген кыргызстандык айдоочулардын ОМОНдор тарабынан сабалышы. Биз мигранттардын укугун коргой албай жатабыз. Мигранттар Кыргызстандын экономикасына бир топ салым кошуп жатат», – деди Жамалдинов.
Эске сала кетсек, Хабаровск шаарында иштеген 80дей кыргызстандык 12-декабрь күнү кечинде ОМОНдор тарабынан катуу сабалышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом