Депутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштады

16.09.2026 | 16:03
Депутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштады — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев ири иш-чаралар учурунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин тамак-ашына бөлүнгөн каражатты кайра карап чыгууну сунуштады.

Ал парламенттин жыйынында акыркы убакта Кыргызстанда ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Эгемендүүлүк күнү сыяктуу ири иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык, бирок коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылгандарды да унутпоо керек.

«Бул иш-чараларда коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн ИИМден гана өлкөнүн бардык аймактарынан 15 миң милиция кызматкери тартылды. Ошондой эле ӨКМдин, Коргоо министрлигинин, башка күч түзүмдөрүнүн, атүгүл Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери да тартылды», — деди Калпаев.

Депутат учурда бир кызматкердин кургак тамак-ашына 70 сом бөлүнөрүнө көңүл бурду. Анын айтымында, бул сумма көп жылдан бери кайра карала элек жана инфляцияны эске алганда азыркы бааларга туура келбейт.

Калпаев ири иш-чараларда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылган кызматкерлердин тамак-ашына бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.

Scroll to Top