Садыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея кызматташтыгынын беш багытын сунуштады

16.09.2026 | 16:33
Садыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея кызматташтыгынын беш багытын сунуштады — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 16-сентябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Сеул шаарында «Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитинин алкагында өткөн бизнес-саммиттин сессиясына катышты. “Өсүш жана инновациялар үчүн Корея Республикасы менен Борбордук Азия кызматташтыгынын келечеги” темасына өткөн иш-чарага Кыргызстандан 30дан ашуун жана Кореядан 50гө жакын компаниянын өкүлдөрү катышып, жыйынтыгында 10 документке кол коюлду.

Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, Борбордук Азия бүгүнкү күндө инвесторлор үчүн жагымдуу аймакка айланып жатканын белгилеп, катышуучуларды инвестиция тартууга жана технологиялар трансферине басым жасоого чакырды.

Ошондой эле Садыр Жапаров аймак өлкөлөрү менен Кореянын мындан аркы өз ара кызматташтыгынын беш артыкчылыктуу багытын сунуштады:

  • Энергетика тармагында кореялык компанияларга «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга, энергетикалык объекттерди модернизациялоого, кайра жаралуучу энергетика жана электр транспорттору үчүн жабдууларды чыгарууну локалдаштырууга катышууну сунуштады.
  • Транспорт жана өнөр жай багытында Кыргызстан «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушунун негизинде каттамдын боюнда индустриялык парктарды жана логистикалык борборлорду түзүүгө кореялык бизнести чакырды.
  • Мамлекет башчысы туризм жана агроөнөр жай комплексине өзүнчө токтолду. Ушуга байланыштуу ал кореялык инвесторлорду жыл бою иштей турган “Ала-Тоо Резорт” тоо курортун түзүү долбооруна, мейманкана жана асма-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө катышууга үндөдү.
  • Мындан тышкары, Садыр Жапаров адам капиталын жана санариптик технологияларды өнүктүрүү, адистерди даярдоочу адистештирилген борборлорду түзүүнү, биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүүнү жана технологиялык стартаптарды колдоону сунуш кылды.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан даяр долбоорлордун портфелине ээ экенин жана инвестициялык чечим кабыл алуудан тарта өндүрүштү ишке киргизүүгө чейин «бирдиктүү терезе» принциби боюнча колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Scroll to Top