Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Чүй камералык оркестри Нарын менен Жалал-Абадда концерт берет
16.09.2026 | 18:07

Чүй камералык оркестри классикалык музыка программасы менен аймактарга гастролдук сапарга чыгат. Чыгармачыл жамаат Жумгал жана Тогуз-Торо райондорунун тургундары үчүн концерт коёт. Бул тууралуу Маданият министрлиги жарыялады.
Концерттердин өтүүчү жайлары:
- 18-сентябрь — Тогуз-Торо райондук А. Сыдыков атындагы маданият үйү;
- 19-сентябрь — Жумгал райондук Ч. Дүйшеева атындагы балдар искусство мектеби.
Концерттерге кирүүсү акысыз.
Министрликтин маалыматында, долбоордун максаты — классикалык музыканы кеңири аудиторияга жеткиликтүү кылуу, жандуу оркестрдин аткаруусун аймактардын маданий жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айландыруу жана көрүүчүлөргө жандуу музыканын өзгөчө таасирин тартуулоо болуп саналат.