«Росатом» жана ӨКМ Таш-Көмүрдө 155 тоннага чейинки кооптуу химикаттарды зыянсыздандырат — кененирээк

«Росатом» Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Таш-Көмүрдөгү мурдагы «Кристалл» заводунун аймагын коопсуз абалга келтирүү үчүн орусиялык инженердик жана экологиялык технологияларды колдонот.
Шаарда алдыда боло турган иштерге арналган жергиликтүү тургундар, коомдук жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү менен маалыматтык жолугушуу өттү. Мамлекеттик корпорациянын адистери долбоорду ишке ашыруунун баскычтарын, технологиялык чечимдерди жана экологиялык көзөмөл тутумун тааныштырышты.

Мурдагы ишкананын аймагында 15 жылга жакын убакыттан бери 155 тоннага чейин уулуу химиялык заттар сакталып турат. Алар өндүрүш линиялары токтотулгандан кийин калган технологиялык резервуарларда жайгашкан жана потенциалдуу коркунуч туудурат.
Учурда адистер аянтчаны негизги жумуштарды жүргүзүүгө даярдап жатышат. Кийинки этапта кырсыкка каршы (авариялык) иш-чаралардын алкагында технологиялык идиштердеги басымды турукташтыруу пландалууда.
Андан соң адистер резервуарларды көзөмөл алдында ачып, чыккан газдарды зыянсыздандырышат. Андан кийин кооптуу химиялык заттар идиштерден чыгарылып, щелочтуу гидролиз ыкмасы менен зыянсыздандырылат.
Долбоордун бардык баскычтарында курчап турган чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүлөт. Ага «Росатомдун», Кыргызстандын ӨКМнин жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери катышат.

«Федералдык экологиялык оператор» ФМУИнин экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча директору Станислав Жабриков долбоордун негизги милдети — ишкананын аймагында көп жылдар бою сакталып келген экологиялык тобокелдиктерди жоюу экенин билдирди.
«Биз жетишибиз керек болгон башкы натыйжа — бул аймакта көп жылдар бою сакталып келген экологиялык коркунучтарды жоюу. Мындай объектилер менен иштөө үчүн бир гана технологиялык чечим жетишсиз. Инженердик тажрыйбаны, экологиялык көзөмөлдү жана ар бир баскычтагы жоопкерчиликти бириктирген система керек. Биз үчүн ошондой эле алдыдагы жумуштар жана коопсуздук чаралары тууралуу Таш-Көмүрдүн жашоочуларына ачык айтып берүү өтө маанилүү», — деп белгиледи ал.
Кыргызстандын ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментинин директорунун орун басары Кылычбек Апиев Таш-Көмүрдүн тургундары үчүн долбоордун акыркы максатын гана эмес, иш жүрүп жаткан учурда коопсуздук түздөн-түз кандайча камсыздаларын түшүнүү да маанилүү экенин баса белгиледи.
«Дал ошондуктан көзөмөл ар бир баскычта коштолушу керек. Калк менен ачык диалог жүргүзүү да бул иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Адамдар так маалымат алып, өздөрүн тынчсыздандырган суроолорду адистерге берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл», — деди Апиев.

Мурдагы «Кристалл» заводунун аймагындагы долбоор Орусия менен Кыргызстандын экология тармагындагы кызматташтыгын улантат. Технологиялык тажрыйбаны, инженердик потенциалды жана экологиялык көзөмөл тутумун бириктирүү чогулуп калган тобокелдиктерди ырааттуу түрдө жоюуга жана аймактын экологиялык коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.
Reporter.kg маалыматы «Кристалл» заводу 1989-жылы поликристаллдык кремний өндүрүү үчүн курулган жана советтик электрондук өнөр жайдын негизги объектилеринин бири катары пландаштырылган. Анын аймагында топтолгон химиялык заттардан улам өндүрүш аянты экологиялык коркунучу жогору объектилердин катарына кирет.
2010-жылдан тарта ишкана банкрот деп табылган. Өндүрүш линиялары токтотулгандан кийин аймакта кооптуу химиялык заттары бар технологиялык идиштер калып калган.
2024-жылдын октябрь айында «Федералдык экологиялык оператор» ФМУИ мурдагы заводдун аймагына техникалык аудит жүргүзгөн. Адистер резервуарлар паркын текшерип чыгып, алардын эскирүү деңгээлин, бар болгон кемчиликтерин жана объекттин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалашкан.
Адистердин баалоосу боюнча, узак убакыт бою иштебей туруп калгандыктан, технологиялык идиштер эскирип жана табигый түрдө жешилүү абалында турат. Бул алардын талкаланышына жана ичиндеги заттардын сыртка чыгып кетүүсүнө (герметикалуулугун жоготуусуна) коркунуч жаратат.
Долбоорду ишке ашыруу башталганга чейин Кыргызстандын бийлик органдарынын, илимий жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү Иркутск облусундагы чогулган экологиялык зыяны бар ири объектилерде өнөр жай булганган аймактарды калыбына келтирүү боюнча Орусиянын тажрыйбасы менен таанышышкан.
Атап айтканда, кыргыз тарапка мурдагы «Усольехимпромдун» жана Байкал целлюлоза-кагаз комбинатынын аймактарындагы жумуштар боюнча «Росатомдун» ыкмалары көрсөтүлгөн.
Мамлекеттик корпорациянын маалыматы боюнча, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бул объектилер жайгашкан аймактарда өзгөчө кырдаал режими алынып салынган, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгоо тобокелдиктерин минималдаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.
Орусиялык объектилерде топтолгон тажрыйбалар жана ал жакта колдонулган технологиялык чечимдер Таш-Көмүрдөгү мурдагы «Кристалл» заводу үчүн долбоорду иштеп чыгууда эске алынган.
Бул жумуштар Орусия менен Кыргызстандын көп жылдык экологиялык кызматташтыгынын уландысы болуп калат. 2026-жылдын жазында тараптар мурдагы уран өндүрүшүнүн объектилерин рекультивациялоо боюнча тогуз жылдык программанын жыйынтыгын чыгарышкан.
«Росатомдо» белгилешкендей, чогулган экологиялык зыянды жоюу учурдагы коркунучтарды жоюуга гана эмес, мурда өнөр жай объектилери ээлеген жерлерди андан ары коопсуз пайдаланууга да багытталган.
«Росатомдун» экологиялык блогу өнөр жай калдыктарын башкаруу, курчап турган чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүү, булганган аймактарды реабилитациялоо жана экосистемаларды калыбына келтирүү менен алектенет.
Орусиянын «Экологиялык бакубаттуулук» улуттук долбоорунун алкагында аталган блок ошондой эле I–II класстагы коркунучтуу өнөр жай калдыктарын башкаруу тутумун калыптандырууга да катышат.