Кыргызстанда айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Минкабдын маалыматында, чечим ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо, ички рынокту турукташтыруу жана импорттук атаандаштык шартында өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган.
Ташып келүүгө тыюу салынган курулуш материалдарынын тизмеси менен ушул шилтемеден таанышууга болот.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми тыюу салуу токтом күчүнө киргенден үч күн өткөн соң колдонула баштайт.
Киргизилген тыюу салуу Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташылып келүүчү товарларга жайылтылбайт. Ошондой эле президенттин Иш башкармасынын ырастоосу бар стратегиялык жана инвестициялык объекттерге багытталган, эл аралык келишимдердеги инвестициялык долбоорлордун алкагында ташылган материалдарга чектөө коюлбайт.