Бишкек менен Сеул шаарларынын ортосунда боордоштук мамилеси түзүлдү

16.09.2026 | 17:15
Бишкек менен Сеул шаарларынын ортосунда боордоштук мамилеси түзүлдү — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын борбору Бишкек менен Кореянын борбору Сеулдун ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну карайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Меморандум бүгүн, 16-сентябрда, Сеул шаарында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хун жолугушуусунда кабыл алынды. Жолугушууда тараптар соода-экономикалык байланыштарды, илим, маданият, билим берүү жана шаардык башкаруу тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле делегациялар менен тажрыйба алмашууга макулдашышты.

Жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кореяга расмий сапарынын жана «Борбордук Азия – Корея Республикасы» биринчи саммитинин алкагында өттү.

Scroll to Top