Депутат Жаныбек Абиров сабаган жаран кандай жаракат алган?

Депутат Жаныбек Абиров сабаган жаран кандай жаракат алган?

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан ур-тепкиге алынган жарандын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Улуттук госпиталдан билдиришти.

Дарыгерлердин айтымында, ал жеңил баш мээ жаракатын алып, мурду сынган. Жеңил түрдөгү көздүн контузиясы деген диагноз коюлган.

«Ал дарыгерлердин текшерүүсүнөн өттү, лор, окулист көрдү. Болжол менен 7-10 күн дарыланып, жакшы болуп калса, ооруканадан чыгарылат», — деп билдиришти Улуттук госпиталдан.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Ур-тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган.

Бул окуя боюнча президентке кабар берилип, президент ИИМге окуяны дыкат иликтөөнү тапшырган.

Депутат Абиров катышкан мушташ: Президент ИИМге тапшырма берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>