Башынан ылдый ысык шорпо куюп жиберген. Соттун чечими

Башынан ылдый ысык шорпо куюп жиберген. Соттун чечими

Ысык-Көл облусунда тургунга башынан ылдый ысык шорпо куюп жиберген адамдын иши кайра кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, 2021-жылы 23-июнунда Жети-Өгүз районундагы тойканалардын биринде Нурбек (аттар өзгөртүлдү) темир чайнекке куюлган ысык шорпону Адилеттин башынан ылдый куюп жиберген. Натыйжада анын денесинин 20-22%ы термикалык күйүк алган.

Иш алгач Жети-Суу райондук сотунда каралган. Былтыр 17-августта сот Нурбекти (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) күнөөлүү деп таап, мамлекеттин пайдасына 20 миң сом айып пул төлөөнү милдеттендирген.

Андан кийин жабырлануучу тарап соттун өкүмүнө макул болбой, Ысык-Көл облустук сотуна кайрылган.

Жабырлануучунун жактоочусунун пикири боюнча, тергөө иштери тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй, сотто айыпталуучуга жеңил жаза берилген. Ошондой эле, кайталанып жасалган соттук-медицинык экспертизанын жыйынтыгы, жабырлануучунун «ден соолугуна оор залал келтирилгенин» көрсөткөн.

Ага байланыштуу жактоочу ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жиберүүнү суранган.

Быйыл 7-мартта облустук сот райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, ишти жаңы кароого жөнөткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>