Социалдык фонд пенсияны 260 пайызга чейин көтөрүүнү пландоодо

Социалдык фонд пенсияны 260 пайызга чейин көтөрүүнү пландоодо

Кыргызстандын Социалдык фонду пенсиянын минималдуу өлчөмүн 3170 сом кылууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Социалдык фонддун башчысы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, пенсия 70 пайыздан 260 пайызга чейин көтөрүлөт. Бул үчүн 4 миллиард сом керектелет.

«Биз пенсиянын минималдуу өлчөмүн 3170 сом кылууну сунуштап жатабыз. Өзгөртүүлөр кабыл алынса, 53 миң пенсионердин пенсиясы жогорулайт», — деди Бактияр Алиев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 745 миң пенсионер бар.

«Ошондой эле пенсияларды каттоону жөнөкөйлөтүп жатабыз. Эми пенсияга чыгуу үчүн документтерди топтоп жүрбөй, паспорт менен катталса болот», — деди Соцфонддун жетекчиси.

Мындан тышкары пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу жокко чыгарылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>