Кемпир-Абад: Акаев Өзбекстан менен макулдашууну колдоого чакырды

Кемпир-Абад: Акаев Өзбекстан менен макулдашууну колдоого чакырды

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тууралуу макулдашуусун колдоо керек. Бул тууралуу Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев билдирди.

Анын айтымында, ал эки өлкөнүн чек ара маселелерин чечип жатканы тууралуу кабарды кубануу менен кабыл алган. Ал белгилегендей, чек ара маселелери көп конфликттерди, согуштарды туудурган маселе болгондуктан, аны өлкөлөр бир пикирге келип жатканда, чечип алуу керек.

Акаев билдиргендей, Кыргызстанда чек араны чечүү боюнча мыкты адистер бар. Ошол адистер карталарды, документтерди карап, изилдеп чыгып, андан кийинки өлкө жетекчилигине сунуштайт.

«Чек ара маселеси даярдыксыз эле чечилип калбайт. Эки президент жолуга калып, «чече коелу» деп чечилбейт. Жумушчу топтор отуруп ийне-жибине чейин изилдеп, жолугушуп, макулдашкандан кийин жетекчилердин деңгээлине алып чыгат. Чек ара боюнча (Кыргызстан менен Өзбекстан – ред.) жакшы мунасага келген окшойт. Ошондуктан мен колдоп, өз пикиримди айттым. Өкмөттү чечкиндүү колдош керек. Мындай маселелерди эртеңкиге калтырбаш керек. Мүмкүн болсо бүгүн чечиш керек», — деди ал.

Ошол эле учурда, Акаев эки өлкөнүн чек ара тууралуу макулдашуусуна тиешелүү документтерди көрбөгөнүн билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара тууралуу келишимдин долбоорун даярдаганы белгилүү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендней аталган документке ылайык, Кыргызстандын аймагы 15,8 гектарга көбөйөт. Ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди берет. Аны менен бирге эки өлкө Кемпир-Абаддын суусун колдонуу боюнча биргелешкен ишкана түзөт.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>