Депутаттар Баткенге жыл сайын 1,5 млрд сом бөлүүнү сунушташты

Депутаттар Баткенге жыл сайын 1,5 млрд сом бөлүүнү сунушташты

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу паралменттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Чынгыз Ажибаев, Жалолидин Нурбаев, Ырысбек Атажанов, Нурлан Ражабалиев, Искендер Матраимов, Миргүл Темирбаева, Камила Талиева, Медербек Алиев, Алишер Козуев жана Султанбай Айжигитов тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Чынгыз Ажибаев белгилегендей, Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программа кошумча материалдык, финансылык жана техникалык ресурстарды талап кылат. Тагыраагы, мыйзам долбоорунда аталган мамлекеттик программага жыл сайын берилүүчү кошумча субсидиялардын көлөмүн 1,5 млрд сомдон кем эмес өлчөмдө аныктоо сунушталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>