Аялын кескилеген. Айыпталуучу зордуктоо үчүн сегиз жылга соттолду

Аялын кескилеген. Айыпталуучу зордуктоо үчүн сегиз жылга соттолду

Чүйдүн Селекция айылында аялынын кулагын жана мурдун кесип салган деп шектелген жаранга карата буга чейинки үч жыл пробациялык  мөөнөт белгилөө чечими өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттон маалымдашты.

Маалыматка караганда, бүгүн Чүй облустук соту мурдагы күйөөсүнүн колунан жапа чеккен аялдын апелляциялык арызын карады. Анда ушул жылдын 17-апрелиндеги чечим өзгөртүлдү.

“Айыпталуучуга карата пробациялык көзөмөл колдонуу жазадан алынып салынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү менен ал 8 жылга эркинен ажыратылды”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Селекция айылында аялынын кулагын жана мурдун кесип салган деп шектелген жаран буга чейин зордуктоо фактысы боюнча беш жылга эркинен ажыратылып, кийинчерээк ага карата үч жыл пробациялык  мөөнөт белгиленгени маалымдалган. Жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу  менен Чүй облустук сотуна  кайрылган.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда ооруканага бычактан алган жаракаты менен 36 жаштагы аял түшкөн. Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча катталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, натыйжада 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кулак-мурду кесилген келинге Түркиядан бир нече операция жасалат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>