Депутат аялдарга карата зомбулук боюнча маалыматтар атайын таратылып жатат деп эсептейт

Депутат аялдарга карата зомбулук боюнча маалыматтар атайын таратылып жатат деп эсептейт

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо учурда социалдык тармактарда аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча маалыматтар өтө көп чыгып жатканын айтып, “буга көзөмөл кандай болуп жатат?”, — деп сурады.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов алдын алуу иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Туура, мындай фактыларды эскертип, алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Мындай маалымат кайдан чыкканын, ким таратып жатканын көзөмөл кылуу керек. Мындай маалыматтар барган сайын көп чыгып жатат. Бул жакшылыкка алып келбейт. Маалыматтын таркатылышына көзөмөл барбы? — деп сурады депутат.

Урмамбетов “Ар бир маалымат текшерилет”, — деп жооп берди.

«Жакшыны ашыр, жаманды жашыр деген кеп бар.  Дагы бир жолу кайталайм, кыргыз элинин тарыхында байыртадан бери эле аял менен эркекке бирдей мамиле жасалып келген. Ал эми азыр аялдын мурдун, кулагын кесип салганы эркектикке жатпайт. Албетте, бул жаман көрүнүш. Бирок ушундай маалыматты таратуунун жолдоруна да көңүл буруш керек. Атайын жайылтып жаткандай болуп жатат», — дейт Самыйкожо.

“Эгерде мыйзам бузуу болсо, анда чара көрүлөт”, —  деп жооп берди Урмамбетов

Жогорку Кеӊеште депутаттар аялдар менен эркектердин бирдей укуктарынын мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзамга Конституцияга ылайык келтирүү боюнча өзгөртүүлөрдү карады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>