Депутаттар электр энергиясынын жаңы тарифин талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын жаңы тарифин талкуулашты

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 18-апрелдеги жыйынында электр энергиясына болгон тариф саясатынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

Жыйында энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.

«Электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2,16 сом/кВт.с. Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт», — деди Т.Ибраев.

Министр кошумчалагандай, керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди өзгөртүүдөн күтүлүп жаткан кошумча киреше 2,5 млрд сомдон ашык болот. Ошондой эле ал тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатканын маалымдады.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү тарифтерди көтөрүүнүн натыйжасында түшкөн каражаттар абоненттерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында эскирген жабдууларды модернизациялоого багытталышы керектигин белгилешти.

Алсак, депутат Мирлан Самыйкожо Кыргызстандын тышкы карызынын негизги бөлүгү энергетика тармагына жумшалганын айтып, энергетика тармагындагы ачык-айкындуулукту жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтуу боюнча чараларды көрүүгө чакырды.

Ал эми эл өкүлү Максатбек Сарбагышев тиешелүү министрликке жана анын тарифтик саясатына ишенимди жогорулатуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сунуштарын айтты.

Мындан тышкары, депутат Кундузбек Сулайманов кадр саясатын өркүндөтүү маселелерине токтолуп, ошондой эле электр энергиясы биринчи кезекте товар экенин эске салып: «Тарифтерди көтөрүү менен аны үзгүлтүксүз камсыздап, абоненттер өчүрүүгө дуушар болбошу керек», — деп белгиледи депутат.

Өз кезегинде комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев менен депутат Марат Мураталиев генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү, энергетика тармагынын бай потенциалын пайдалануу жана бул багыттагы стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу зарылчылыгына токтолушту.

Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясынын баасы өзгөрөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>