Депутаттар Байсаловдун отставкасын кайра талап кылышы мүмкүн (видео)

Депутаттар Байсаловдун отставкасын кайра талап кылышы мүмкүн (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынындагы жоругуна баа берүүнү талап кылды.

Анын айтымында, аткаминердин айынан комитеттин жыйыны аягына чыккан жок.

«Парламент — көз карандысыз орган. Аткаруу бийлиги менен карама-каршылыктарды токтотуу үчүн Байсаловдун маселесин жыйында карайлы», — деди ал.

Төрага Нурланбек Шакиев Эдил Байсаловго акыркы эскертүү берилгенин белгилеп өттү.

«Бул албетте терс көрүнүш, өкүнүчтүү окуя. Ал көз жаздымда калбайт, сөзсүз иликтеп чара көрөбүз. Ага өткөндө акыркы эскертүү берилген. Ар кимдин өзүнүн мүнөзүнө жараша жүрүм-турум  болот экен», — деди Шакиев.

Белгилей кетсек, Эдил Байсалов дүйшөмбү күнү комитеттин жыйынында депутаттын медициналык мекемелерде иштеген ординаторлордун маянасы боюнча суроосуна түз жооп бербей, ортодо кайым айтышуу болгон. Ал Аида Исатбек кызыны «тиги кыз» деп атаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>