Депутаттыкка талапкерлердин саны 80ге жетти

Депутаттыкка талапкерлердин саны 80ге жетти

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышууну каалаган талапкерлердин саны 80ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 13-октябрда саат 18:00дө аяктаарын эске салат.

Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет. Шайлоого катышуу үчүн 75 партия БШКнын каттоосунан өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>