ДКӨ, 2,5 млн турист жана жолдор: облус жетекчиси Ысык-Көлдөгү абал тууралуу

31.08.2026 | 10:24
ДКӨ, 2,5 млн турист жана жолдор: облус жетекчиси Ысык-Көлдөгү абал тууралуу — Новости Кыргызстана

Ысык-Көл облусунда туристтик сезон аяктап, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө аянтчаларды даярдоо иштери уланууда. Учурдагы абал тууралуу Reporter.kg басылмасына президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов айтып берди.

Алсак, 2026-жылы Ысык-Көл облусуна 2,5 миллионго жакын турист келиши мүмкүн. Так маалыматтар туристтик сезон аяктагандан кийин белгилүү болот.

«Былтыр 2 миллионго жакын адам келген. Быйыл биз 2,5 миллиондун тегерегинде деп жатабыз. Азыр сезон соңуна чыгып калды. Ал аяктаары менен биз жыйынтыгын чыгарабыз», — деди Жетигенов.

Ал ошондой эле Ысык-Көл облусунун VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыгы тууралуу айтып берди. Ачылыш аземи 31-августта «Бишкек-Аренада» өтөт, ал эми 1-сентябрдан тарта негизги иш-чаралар Ысык-Көлдө башталат.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн айтымында, аймак Оюндардын катышуучуларын жана конокторун кабыл алууга даяр. Негизги аянтчалар катары Кырчын жайлоосу, Чолпон-Атадагы ипподром жана «Рух-Ордо» маданий борбору саналат. Иш-чаралар облустун башка объекттеринде да белгиленген.

«Азыр даярдык жакшы, баары өз нугу менен жана өз убагында баратат. Ал жерде келген коноктордун бардыгын татыктуу тосуп алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн», — деп белгиледи ал. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жабуу аземи 6-сентябрга пландалган.

Жетигенов аймактын туристтик жана жол инфраструктурасынын абалына да токтолду. Анын айтымында, облуста жолдорду куруу жана оңдоо иштери уланып, жаңы эс алуу жайлары, мейманканалар жана пансионаттар салынууда.

Алсак, Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун курулушу аяктап калды. Ыйгарым укуктуу өкүл иштер жакынкы эки жуманын ичинде бүткөрүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы туристтик объекттерди куруу Ысык-Көл облусуна туристтердин агымынын мындан ары да өсүшүнө шарт түзүшү керек.

Анара Мамытова

Scroll to Top