Добуштарды кол менен саноо. “Республика” жана “Мекенчил” партиялары алдыга чыгышты
Бүгүн, 5-октябрда саат 11: 00гө карата шайлоо бюллентендерин кол менен саноо боюнча “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы алдыда – 119 234 (24,48%). Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова жарыялады.
Экинчи орунда “Биримдик” партиясы – 92 миң 806 (19,05%)
“Кыргызстан” – 45 миң 495 (9,34%)
“Мекенчил” – 37 миң 788 (7,76%)
“Республика” – 34 миң 442 (7,07%)
“Бүтүн Кыргызстан” – 29 миң 960 (6,15%)
“Ата Мекен” – 21 миң 998 (4,52%)
“Ыйман Нуру” – 20 миң 61 (4,12%)
“Бир Бол” – 14 миң 788 (3,04%)
“Чоң Казат” – 15 миң 975 (3,28%)
“Замандаш” – 13 миң 609 (2,79%)
“Социал-демократтар” – 10 миң 960 (2,25%)
“Реформа” – 6 миң 630 (1,36%)
“Мекен Ынтымагы” – 4 миң 415 (0,91%)
“Ордо” – 1 миң 83 (0,22%)
“Афганистандын ардагерлер партиясы” – 734 (0.15%)
9 миң 188 шайлоочу (1.89%) баарына каршы добуш берди.