Медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүү санариптештирилдиОкуучулардын медициналык маалым каттары санарип форматка өткөрүлдүЖКнын тармактык комитети президенттик шайлоонун датасын өзгөртүүнү жактырды1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар 20%га көтөрүлөт — бирок баарына бирдей эмесЧет өлкөдө иштеген жарандар үчүн пенсиялык камсыздандыруу системасы жеткиликтүү болдуӨлкөдө болуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген чет элдиктердин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынат — Министрлер кабинети
ЖКнын тармактык комитети президенттик шайлоонун датасын өзгөртүүнү жактырды
08.09.2026 | 11:35

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Регламент боюнча комитети 8-сентябрда Кыргызстандын президентин кезектеги шайлоонун датасын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Буга чейин бир топ депутаттар Жогорку Кеңештин Регламентин жаңыланган шайлоо мыйзамдарына шайкеш келтирүүнү сунушташкан. Алсак, 132-берененин 3-бөлүгүндөгү «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөздөрдү «январдын төртүнчү шаршембисинде» деген сөздөргө алмаштыруу сунушталууда.
Мыйзам долбооруна ылайык, шайлоону январдын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү сунушталат. Ошол эле учурда шайлоо Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирилбей дайындалат деген ченем сакталат.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна бир эле учурда үч окууда кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, түзөтүүлөрдүн демилгечилери — парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар Гүлнара Акимбаева, Медер Алиев, Таалайбек Сарыбашов, Бекмурза Эргешов, Айбек Алтынбеков, Максат Алымбеков жана Улан Сариев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом