Кыргызстанда чек ара аймактарына баруу үчүн Tunduk Travel тиркемеси ишке кирет

Кыргызстанда Көл-Суу көлүн кошо алганда, чек ара тилкелерине барууга уруксат берүү жол-жобосун санариптештирүү пландалууда. Бул тууралуу өзүнүн Telegram-каналында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын сентябрь айынын ортосунда Tunduk Travel тиркемесин жана сайтын ишке киргизүү мерчемделген. Бул платформа аркылуу Кыргызстандын жарандары жана чет элдик туристтер арыз тапшырып, документтерин жүктөп, кызмат акысын төлөп, QR-коду бар уруксат кагазын электрондук түрдө ала алышат. Кызмат бир нече тилде иштейт.
Документтерди УКМКда макулдашуу 1 күн 2 саатты, ал эми Чек ара кызматында 1 күн 20 саатты түзөт. Улуттук коопсуздуктун талаптарына байланыштуу бул мөөнөттү кыскартуу мүмкүн эмес, андыктан бул реформа жарандардын аталган мекемелерге жеке өздөрү баруу түйшүгүн жоюуга багытталган.