ДССУ: COVID-19дун бир эле толкуну болот

ДССУ: COVID-19дун бир эле толкуну болот

COVID-19дун бир эле толкуну болот, ал күчөп кайра жайлап турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий өкүлү Маргарет Харрис онлайн-брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эл пандемиянын очогу катары гриппти карап жатышат, ошондуктан коронавирус толкун-толкуну менен жайылат деп ойлошот.

«Бул дем алуу аркылуу жугуучу вирус болгондугуна карабастан, аба аркылуу жуккан башка вирустардан айырмаланып башкача жүрөт. Жыл мезгилдери бул вирустун жугуусуна анча деле таасир этпейт окшойт”, — дейт Маргарет Харрис.

Ал социалдык аралыкты сактап, колду жууп, зарыл болгон жерлерде беткап кийип, оорунун белгилери байкалган болсо эч жака чыкпай үйдө отуруп, алар карантинге алынышы керек экендигин эскертти.  

Харрисдин айтымында, азыр баары эле бул чараларды колдонушпайт, анткени алар коронавирус илдети сезондук оору деп ишенип алышып, жай мезгилинде жукпайт деп чечим чыгарып алышкан.

“Жай бул эң чоң маселе. Вируска ысык-суук аба ырайы эч кандай таасир этпейт”, — деп катуу эскертти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>