Быйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болдуБишкектеги Фучик көчөсүндө жаңы гүлбакча пайда болот
ДССУ Кыргызстанга 8 млн сомдук лабораториялык жабдууларды берди
28.03.2025 | 10:43
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Саламаттык сактоо министрлигине 8 млн сомдон ашык суммага жугуштуу ооруларды аныктаган лабораториялык жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Лабораториялык жабдуулар кызамык, гепатит, өзгөчө кооптуу инфекциялар жана башка жугуштуу ооруларды аныктоо жана диагностикалоо иштерин жакшыртуу үчүн берилген.
Алар үч саламаттык сактоо мекемесине: Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтуна, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборуна жана Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна өткөрүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом