Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызстанда 600гө жакын жер казынасын пайдалануу лицензиясы токтотулду
16.06.2026 | 10:19

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензияларды жана келишимдердин аткарылышын инвентаризациядан өткөрдү.
Мекеменин маалыматында, 2 миңге жакын лицензия текшерилип, анын жыйынтыгында 836 мыйзам бузуу учуру аныкталган. Көрүлгөн чаралардын алкагында 600гө жакын лицензиянын иши убактылуу токтотулуп, айрымдары толугу менен жокко чыгарылган.
Министрлик лицензиялардын аткарылышында эң көп төмөнкү мыйзам бузуулар болгонун билдирди:
- рекультивациялык эсептер жана реквизиттер жөнүндө билдирүүлөрдүн жоктугу;
- бонустарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылбашы;
- лицензиялардын мөөнөтүнүн өтүп кетиши;
- башка лицензиялык талаптардын сакталбашы.
Ошондой эле Кыргыз геология кызматына бул багыттагы көзөмөлдү күчөтүү жана мыйзам бузуулар боюнча тийиштүү чараларды көрүү тапшырылган.
Теги: лицензия