Дубайда кыргыз желеги желбиреди (ВИДЕО)

Дубайда кыргыз желеги желбиреди (ВИДЕО)

Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук күнүнө карата Дубайдагы кыргызстандыктар кыргыз желегин көтөрүп чыгышты. Бул туурасында Соода өнөр-жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бириккен Араб Эмираттары быйыл мамлекеттин түптөлүшүнө 50 жылдыгын белгилеп жатат – алты монархиядан турган федерация дүйнөнүн саясий картасына 1971-жылы 2-декабрда түшкөн. Мааракелик датанын урматына “EXPO Дубай 2020” көргөзмөсүндө жаркын шоу-программалар, театралдашкан көрсөтүүлөр, белгилүү аристтердин жана бий топторунун коштоосунда көптөгөн маданий иш-чаралар уюштурулууда.

Алардын бирине Кыргызстандын павильонунун кызматкерлери дагы катышып, “EXPO 2020» көргөзмөсүнүн башка 192 мамлекет-катышуучулары менен катар өлкө желегин марш-парадда көтөрүп чыгышты.

Дубайдагы Дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында, ошондой эле 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү уюштурулат. Анын урматына маданий жана ишкердүүлүк программалар даярдалууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>