«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Кытай-Непал чек арасындагы селден каза болгондордун саны миңден ашты
02.09.2026 | 12:24

Кытай менен Непалдын чек арасына жакын аймактарда орун алган селдин кесепетинен каза болгондордун саны 1050ге жетти. Ал эми 4 миңдей адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу дүйнөлү ЖМКлар жазууда.
Маалыматка ылайык, издөө-куткаруу иштери уланууда. Кытай тарап Гиронг өткөрүү пунктуна баруучу жалгыз жол болгон G216 улуттук магистралын толугу менен калыбына келтирди. Мындан улам кырсык болгон аймакка куткаруу иштери үчүн оор техникаларды жеткирүүгө шарт түзүлдү. Куткаруу топтору жолду калыбына келтирүү иштерин бир жума бою жүргүзүшкөн.
Эске салсак, 26-августта мөңгүнүн кулашынан улам келип чыккан сел жана жер көчкүлөр чек ара аймагындагы калктуу конуштарды жана инфратүзүмдү каптап, көптөгөн жай тургундардын жана туристтердин өлүмүнө алып келди.