Дүйнөгө белги жана эскертүү — Феликс Кулов Түндүк Кореянын ядролук доктринасына киргизген өзгөртүүлөрү тууралуу

11.05.2026 | 15:52

КР мурдагы премьер-министри Феликс Кулов Түндүк Кореянын (ТЭДР) ядролук доктринасына жана Конституциясына киргизилген, өлкө лидери Ким Чен Ындын айланасындагы коопсуздук чараларын күчөткөн өзгөртүүлөр боюнча Reporter.kg басылмасына пикирин билдирди.

Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр 2026-жылдын 22-мартында Пхеньян шаарында өткөн Жогорку элдик ассамблеянын жыйынында кабыл алынган.

Ага ылайык, ядролук күчтөрдү башкаруу системасына кол салынган же Ким Чен Ын каза болгон, ошондой эле аракетке жөндөмсүз болуп калган учурда, ядролук сокку автоматтык түрдө жана токтоосуз урулушу керек. Ядролук күчтөрдү башкаруу Ким Чен Ынга таандык болгону менен, эгерде жогорку лидер өз милдеттерин аткара албай калса, жаңы жоболор ядролук командачылык уюмуна сокку уруу (ишке киргизүү) укугун өткөрүп берүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле ТЭДРдин Конституциясынан мыйзам жүзүндө «душман мамлекет» катары аныкталган Түштүк Корея менен кайра биригүү тууралуу сөздөр алынып салынды.

Куловдун айтымында, АКШ менен Израилдин биргелешкен операциясы учурунда Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин жок кылынышы, ошондой эле Ак үйдүн чагылгандай тез операциясынын натыйжасында Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорестин Каракаста кармалып, өлкөдөн чыгарылып кетиши баарынын эсинде.

«Албетте, Түндүк Кореяда мындай окуя алардын лидери менен да болуп кетишинен коркушат. Ошондуктан Түндүк Корея өзү душман деп эсептеген мамлекеттерди сүр алдыруу максатында, жогорудагы өлкөлөрдүн лидерлери менен болгон окуя кайталанган учурда жооп кайтаруу чараларын камтыган өзгөртүүлөрдү киргизди», — деп кошумчалады экс-премьер.

Ал АКШнын катаал саясатын эске салып, ал эми Түндүк Кореянын өзгөртүүлөрүн – өзүн-өзү сактоо инстинкти жана өзүндө бар болгон ядролук курал менен токтоосуз жооп кайтаруу тууралуу эскертүүсү деп атады.

Scroll to Top