Санкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалдыДөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу жаңы чуркоо тилкесине зыян келтирилдиКыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин карашууда«Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын жеңүүчүсү аныкталдыКыргызстандагы «Гриппол Плюс» вакцинасы грипптин актуалдуу штаммдарына ылайык жаңыртылды — Саламаттык сактоо министрлиги
«Түндүк-Түштүк» унаа жолунда үч жол тейлөө пункту курулууда
11.05.2026 | 15:42

«Түндүк-Түштүк» унаа жолунда үч жол тейлөө пунктун куруу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Объектилер Балыкчы – Жалал-Абад жолунун 107- (Кызарт), 261- (Сары-Камыш) жана 358-чакырымдарында (Сузак) жайгашат. Учурда Кызарт жана Сузак аймактарында курулуш иштери жүрүүдө. Сары-Камыштагы курулуш документтер даяр болгондон кийин башталат.
Бул пункттар сел жүрүү, таш кулоо жана кар көчкү коркунучу бар аймактарда курулууда. Долбоор авариялык кырдаалдарда ыкчам чара көрүүгө, жол тейлөө иштеринин сапатын жогорулатууга жана жолчулардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом