Дүйнөгө белгилүү «Enigma» тобунун ырчысы Кыргызстанга келди

26.05.2026 | 16:20
«Enigma» музыкалык долбоорунун вокалисти Эндрю Андерсон жана Дайырбек Орунбеков

Дүйнөгө белгилүү «Enigma» музыкалык долбоорунун вокалисти Эндрю Андерсон Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бүгүн, 26-майда, аны менен Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жолугушту. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Дайырбек Орунбеков дүйнөлүк деңгээлдеги инсандардын келиши Кыргызстандын эл аралык аброюнун көрсөткүчү экенин билдирген.

"Бүгүн Кыргызстан дүйнөгө толугу менен ачык. Өлкөнүн ишенимдүү өнүгүшү бизге эл аралык аренада өзүбүздү активдүү таанытууга мүмкүндүк берет. Дүйнөлүк аудитория Кыргызстан жөнүндө расмий билдирүүлөрдөн гана эмес, сиз сыяктуу көрүнүктүү инсандардын жеке таасирлери аркылуу да билиши биз үчүн өтө маанилүү",- деген ал.

Өз кезегинде Эндрю Андерсон жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдүн темпине таң калганын айткан. Ал жергиликтүү тургундардын ачыктыгын жана меймандостугун өзгөчө белгилеген.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул сапар Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытууда маданий дипломатиянын куралы болорун белгилешкен.

Белгилей кетсек, Эндрю Андерсон июнь айында Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында президенттик оркестрдин коштоосунда концерт берет.

Теги: Enigma
Scroll to Top