Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык ардагер балбандар 10 медаль утту (тизме)
23.10.2023 | 10:00
Кыргызстандык спортчулар ардагерлер арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча өткөн дүйнө чемпионатында 10 медаль утту.
Мелдеш Грекиянын Лутраки шаарында 17-22-октябрда өткөн. Анда кыргызстандык балбандар 3 күмүш, 7 коло байге уткан.
Эркин күрөштөн 35-40 жаш:
Амир Турдубаев (78 кг) коло, Айбек Усупов (100 кг) коло,
41-45 жаш:
Шермат Жакиев (62 кг) күмүш, Роман Сарыбаев (88 кг) менен Эсенбай Байматов (88 кг) коло,
51-56 жаш:
Чынарбек Изабеков (100 кг) коло,
56-60 жаш:
Сааданбек Ниязов (130 кг) коло байге
Грек-рим күрөшүнөн 35-40 жаш:
Айбек Бердалиев (62 кг) коло,
41-45 жаш:
Кундузбек Раимбеков (78 кг) күмүш,
46-50 жаш:
Тазабек Икрамов (78 кг) күмүш.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз