ӨКМ тойканаларды өрт коопсуздугун сактоого чакырат

ӨКМ тойканаларды өрт коопсуздугун сактоого чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тойкана, ресторан ээлерин өрт коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Мамлекеттик орган өкмөттүн №381-токтомунун талаптарын эскертет:

— Тойкана, ресторандардын имаратынын курулушунда, ички жасалгасында уулуу заттарды бөлүп чыгара турган жана тез күйө турган материалдар колдонулбашы кереук;

— синтетикалык күйүп кетүүчү материалдардан жасалган килемдерди жана жол килемчелерин колдонууга тыюу салынат;

— элдин саны бөлүнгөн орундан ашпашы абзел;

— имарат электр фонарлары, өрт өчүрүүчү куралдар менен камсыз болушу зарыл;

— ашканада газ баллон, дизелдик менен иштеген жабдууларды колдонууга болбойт;

— адамдарды эвакуациялоо үчүн атайын коридор бош турушу керек.

Бул талаптарды сактабаган мекемелерге айыппул салынып, андан ары иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>