Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу дүйнө чемпионатында коло утту

Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу дүйнө чемпионатында коло утту

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабеков Грекиянын Лутраки шаарында 17-22-октябрда өткөн күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигинде коло байге утту.

Изабеков эркин күрөш боюнча 51-56 жаштагы балбандар арасында 100 кг салмакта күч сынашкан. Ал таймашты квалификациялык айлампадан баштап, биринчи беттешинде америкалык Уилям Каррды 11:0 эсебинде жеңген. Андан кийин чейрек финалда дагы бир америкалык балбан Элвин Риггсти 9:0 эсебинде уткан.

Бирок жарым финалда Изабеков латвиялык Игор Самусоноксско 6:7 эсебинде жеңилип калган.

Ал эми үчүнчү орун таймашта ал казакстандык Сергей Елисеевди 11:0 эсебинде жеңип, коло байгенин эсси болгон.

Эскерте кетсек, Чынарбек Изабеков Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси, дүйнө жана Азия чемпиону Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу болуп саналат.

Буга чейин Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигин 4 жолу жеңип, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон (2015, 2016, 2021, 2022-жылдар). Андан тышкары дүйнө чемпионатында 2 жолу күмүш (2017, 2019-жылдар) жана 1 ирет коло байге (2018-жыл) уткан. Ага кошо Изабеков быйылкы дүйнө биринчилигинде да коло байгеге татыды. Белгилей кетсек, Изабеков 2015-жылдан бери дүйнө чемпионатынан бир да ирет байгесиз кайткан эмес.

Күрөш: Чынарбек Изабеков төртүнчү ирет дүйнө чемпиону болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>