Күрөш: Чынарбек Изабеков төртүнчү ирет дүйнө чемпиону болду

Күрөш: Чынарбек Изабеков төртүнчү ирет дүйнө чемпиону болду

Болгарияда өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигинде Чынарбек Изабеков жеңүүчү болуп, дүйнө чемпиону атанды. Ошондой эле Талант Бегалиев экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.

Эки балбан тең 5-октябрь күнү финалга чыккан. 100 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Чынарбек Изабеков казакстандык атаандашын утуп алган. Ал эми Талант Бегалиев 70 килограммга чейинки салмакта күмүш утту.

«Альянс Алтын» компаниясы чемпионатка катышууга жолдомо алган Талас облусунан чыккан спортчулар Талант Бегалиев жана Чынарбек Изабековго материалдык колдоо көрсөтүп, узатышкан. Каржылык жактан көмөк көрсөткөндүгү үчүн компанияга балбандар ыраазы. Талант Бегалиев компания эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларга колдоо көрсөтүп келерин айтты.

«Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясына ырахмат айтабыз. Анткени бизди ар дайым колдоп келишет. Ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышуубузга бизге акчалай колдоо көрсөтүштү. Бул жолу эле эмес буга чейин да күрөштөн эл аралык мелдешерге катышып ийгилик жараткан спортчу улан-кыздарыбызга материалдык жактан жардам беришип, акчалай сыйлыктар менен сыйлашкан. Спортту ар тараптуу колдоого алып турган «Альянс Алтынга» окшогон компаниялар болуп турса, бизде спорт өнүгүп, кыргыз туусу бийиктиктерден көрүнүп турат», — деди Бегалиев.

«Альянс Алтын» компаниясы өз кезегинде спортто ийгилик жаратып, өлкөбүздүн желегин желбиреткен дүйнө чемпиондорун жеңишин сыймыктануу менен куттуктайт жана аларга келечек муунду сергек жашоого үндөгөн үлгүсү, кыргыз  спортунун өнүгүшүнө кошуп келе жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, ар дайым колдоого даяр экенин билдирет.

Эске сала кетсек, Талант Бегалиев — ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы Олимпиаданын алгачыкы вице-чемпиону Канат Бегалиевдин агасы. Чынарбек Изабеков – ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана келечектен көптү үмүттөндүргөн, Токиодогу  Олимпиадада коло медаль алган Мээрим Жуманазарова баш болгон бир топ жаш спортчулардын жеке машыктыруучусу.

4-9-октябрь күндөрү Болгариянын Пловдив шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионатына өлкөбүздүн атынан 17 спортчу катышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>