Кыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайтСузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жандандыОш шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулат
Дүйнө чемпионаты: Үч балбан көңүл жубатуучу беттешке чыгат
11.09.2022 | 22:43
Бүгүн, 11-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде таймашка чыгып, жеңилүү ызасын тарткан кыргызстандык үч балбан көңүл жубатуучу беттештерге чыгат.
Кыргызстандык спортчуларды – Тынар Шаршенбеков (63 кг), Амантур Исмаилов (67 кг) жана Бексултан Махмудовду (97 кг) жеңген балбандар финалга өткөндүктөн, аталган үч спортчу көңүл жубатуучу беттештерде күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Кыргызстандык балбандар көңүл жубатуучу кармаштарын утуп чыкса, коло байге үчүн ат салыша алат.
Аталган беттештер эртең, 12-сентябрда болуп өтөт.
Эскерте кетсек, Тынар Шаршенбеков менен Бексултан Махмудов чейрек финалга чейин жетишсе, Амантур Исмаилов 1/8 финалда жеңилүү ызасын тарткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт