Дүйнө чемпионатына тандоо: Бүгүн Кыргызстан менен Малайзия ойнойт

Дүйнө чемпионатына тандоо: Бүгүн Кыргызстан менен Малайзия ойнойт

Кыргызстандын футбол курамасы бүгүн, 16-ноябрда Малайзия менен беттеш өткөрөт.

Беттеш дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын экинчи айлампасынын алкагында Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарындагы «Букит Жалил» стадионунда өтөт. Бул курамалардын биринчи беттеши болот.

Андан кийин «ак шумкарлар» 21-ноябрда Оман менен ойнойт. Бул беттеш Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Тандап алуу турундагы калган беттештер 2024-жылы өтөт.

Эске салсак, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи айлампасында Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбей менен бир тайпага жайгашкан. Дүйнө чемпионаты менен Азия кубогуна тандоо оюндары бир өткөрүлгөндүктөн, өз тайпасында алдыңкы эки орунду ээлеген курамалар Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 3-айлампасына чыгат жана 2027-жылы өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>