«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралууКМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салынды
КМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизме
08.10.2026 | 13:32

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) 2026–2027-жылдары Умра сапарын уюштуруу үчүн 34 туристтик компанияны аккредитациядан өткөрдү.
Сертификаттарды тапшыруу аземи 7-октябрда өттү. Ага Азирети Муфтийдин орун басарлары Шакиржан ажы Маматов жана Рафаил ажы Татиков, Аккредитациялоо комиссиясынын төрагасы Давранбек ажы Жунусалиев, КМДБнын Умра бөлүмүнүн өкүлдөрү жана туркомпаниялардын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Шакиржан ажы Маматов Азирети Муфтийдин атынан куттуктоо сөзүн жеткирип, аккредитациядан өткөн компаниялар менен мындан аркы кызматташтык жаңы келишимдердин негизинде жүргүзүлөрүн билдирди.
Ошол эле учурда 2025–2026-жылдарга түзүлгөн келишимдер өз күчүн жоготту.
КМДБ Умра сапарына барууну пландап жаткан жарандарды аккредитациядан өткөн туристтик фирмаларга гана кайрылууга чакырды. Муфтияттан бул зыяратчылардын коопсуздугун камсыздоо жана алардын укуктарын коргоо үчүн зарыл экенин баса белгилешти.
Ошондой эле туроператорлорго тиешелүү аккредитациясы жок зыяратчыларды сапарга алып баруу мыйзамсыз экени эскертилди.
Муну менен катар эле аккредитациялоо процесси уланууда. Умра сапарын уюштуруу менен алектенүүнү каалаган компаниялар белгиленген талаптарга ылайык документтерин тапшырып, процедурадан өтө алышат.
Аккредитациядан өткөн 34 туркомпаниянын тизмеси:
- «Рахматулла Умра Тревэл» ЖЧК
- «Ой-трэвел» ЖЧК
- «АТЛАС ТРЭВЕЛ ЛЛС» ЖЧК
- «Макка Тревел» ЖЧК (ООО)
- «Мадина Муслим Тур» ЖЧК
- «Замзам Тревел» ЖЧК
- «Лидер Умра тревел эженси плюс» ЖЧК
- «АСК Трэвел КГ» ЖЧК
- «Из Трэвел» ЖЧК
- «Зиярат КейДжи» ЖЧК
- «Аят Умра Трэвел» ЖЧК
- «Макам Тревел» ЖЧК
- «Бейиш Трэвел» ЖЧК
- «Ниет Тревел» ЖЧК
- «Кызмат саякат» ЖЧК
- «Хиджаз Холдинг» ЖЧК
- «ИХЛАС НУР» ЖЧК
- «JAZEERA Travel» (ДЖАЗИРА Трэвел) ЖЧК
- «AYYILDIZ» (АЙЙЫЛДЫЗ) ЖЧК
- «Нур Умра Трэвел» ЖЧК
- «УМРА-ЗАМЗАМ» ЖЧК
- «Умра Официал» ЖЧК
- «Сапат Умра Тревел» ЖЧК
- «Фажр-Трэвел» ЖЧК
- «Рахима Трэвел» ЖЧК
- «Кей Джи тревел» ЖЧК
- «Дос Умра травел» ЖЧК
- «Агзам-Умра» ЖЧК
- «Кибла Тревел» ЖЧК
- «Бат Тревэл Компани» ЖЧК
- «ТАКЫБА УМРА» ЖЧК
- «КУТ УМРА» ЖЧК
- «Таваф Трэвел» ЖЧК
- «АЛТИНАЙ ЛТД» ЖЧК
Рубрики: Жаңылыктар, Коом