«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралуу

08.10.2026 | 14:21
«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралуу — Новости Кыргызстана

«Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы айрым жетекчилери мамлекеттик ишкананын кызыкчылыгынан жеке бизнесин жогору коюшкан. Бул тууралуу КР Президентинин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, аэропорттун мурдагы жетекчилери эң кирешелүү тармактарды өздөрүнүн компанияларына өткөрүп берип, монополия кылып алышкан.

«Аэропортко жетекчи болуп келген айрым адамдар мамлекеттик ишкананын кызыкчылыгынан жеке бизнесин жогору коюп, кирешелүү тармактарды өз компанияларына өткөрүп монополия кылып алышкан болчу», — деп белгиледи Орунбеков.

Ал ошондой эле айрым жетекчилердин тушунда мамлекеттик авиакомпания банкротко учураса, башкалары аэропорттун киреше булактарын жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.

Ошол эле учурда Орунбеков мурдагы жетекчилердин так аты-жөндөрүн жана компаниялардын аталыштарын ачыктаган жок.

Анын айтымында, азыр бул тармактар иретке келтирилип, аэропорттун кирешеси авиация тармагын өнүктүрүүгө багытталууда.

Тактап айтканда, «Манас» эл аралык аэропортунда капиталдык оңдоо иштери аяктап, кошумча инфраструктуралар курулду, аба майданынын сырткы көрүнүшү жаңыланып, жүргүнчүлөрдү тейлөө шарттары кыйла жакшыртылды.

Мындан тышкары, акыркы жылдары Нарын, Баткен, Каракол, Тамчы, Казарман, Талас жана Кербен аэропорттору жаңыланып, кайрадан ишке берилди.

Орунбеков мамлекет өз каражатынын эсебинен жаңы учактарды сатып алып, ички каттамдарды жандандырганын белгиледи. Анын айтымында, бул долбоорлорду ишке ашырууга «Манас» аэропортунун кирешеси чоң салым кошкон.

Ал ошондой эле көп жылдар бою чечилбей келген Европа Биримдигинин авиациялык «кара тизмесине» байланышкан маселе жөнгө салынганын маалымдады.

Орунбеков кийинки милдеттер катары эл аралык каттамдарга ылайыкталган жаңы учактарды сатып алууну жана Европага, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө түз аба каттамдарын ачууну атады.

Анын пикиринде, авиациянын мындан аркы өнүгүшү туризмди өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга, сооданы кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт.

Scroll to Top