Бишкекте диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдө
Дүйнө чемпионатына тандоо: Октябрда Кыргызстан эки оюн өткөрөт
01.10.2024 | 12:04
Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында Кыргызстандын курамасы октябрда эки беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Кыргызстан 10-октябрда Катар менен конокто жана 15-октябрда Түндүк Корея менен Бишкекте ойнойт.
Курама алдыдагы оюндарга 3-октябрдан тарта даярдык көрө баштайт. Машыгуулар Сауд Арабиянын Жидда шаарында өтөт. Команда 8-октябрда Катарга бет алат.
Эскерте кетсек, Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында буга чейин Кыргызстан 2 беттеш өткөрдү. Эки оюнда тең жеңилип, бир да упай ала элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом