Дүйнө чемпионатында байге алгандарга акчалай сыйлыктар тапшырылды

Дүйнө чемпионатында байге алгандарга акчалай сыйлыктар тапшырылды

Бүгүн, 26-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жетип, байге алган спортчуларды сыйлоо аземи болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара учурунда президент спортчуларды, машыктыруучуларды дүйнөлүк мелдештеги ийгилиги менен куттуктап, мамлекеттин туусун желбиреткен спортчуларга колдоо болорун убадалаган.

Дүйнө биринчилигинде алтын тагынып, дүйнө чемпиону болгон Айсулу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго 1 млн сомдон, күмүш байге уткан Айпери Медет кызына 750 миң сом жана коло байге алган Тайырбек Жумашбек уулуна 500 миң сом акчалай сыйлык тапшырылган. Ошондой эле акчалай сыйлык машыктыруучуларга берилген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>