«Дордой» базарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

«Дордой» базарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте «Дордой» базарынан башка базарларга товар ташыган жүк ташуучу унаанын айдоочуларынан акча опузалоо менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен .

Маалыматка караганда, Н.А.Ж. аттуу УКТ мүчөсү «Дордой» базарынан Ош шаарындагы, Ош облусунун Кара-Суу районундагы базарларга жана Өзбекстанга товар ташыган айдоочулардан ачка чогултуу менен алектенген.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө ал кезектегидей акча чогултуу учурунда колго түшүрүлгөн.

Анын үйүн тинтүү жүргүзүлүп, каттоодон өтпөгөн мергенчилик мылтык (араланган сайлуу мылтык), бычак жана диний адабияттар табылып алынган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Видео

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>